22.06.18 авто,мечеть 02.10.2018 АРИС 05.07. прогноз
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЧҮЙ ОБЛУСУ ЧУЙСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЖАЙЫЛ РАЙОНУ ЖАЙЫЛСКИЙ РАЙОН
КРАСНЫЙ ВОСТОК КРАСНОВОСТОЧНЫЙ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
_________________________________________________________________________________________
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2018-жыл 2 октябрь № 9/2 Кара-Балта ш.
Накталай акча каражатын банктагы гранттык
эсепке которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, айылдык кеңеш менен Красный Восток айыл аймакгынын жайыт пайдалануучуларынын жана АРИСтин ортосундагы рамкалык макулдашууга кошумча киргизилишине ылайык 2017-жылдын 24-мартындагы №08209814-01, “Мал чарбачылыктын жана жайыттардын башкаруусун жакшыртуу” долбоорунун чегинде, гранттык каражатын алуу боюнча, “Ветеренардык малды бөлүү казыгын Красный Восток айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн сатып алуу боюнча” катталган коду № 08209814-01-03 2018-жылдын 01-августундагы, майда долбоорун ишке ашыруу максатында, Красный Восток айылдык кеңешинин сессиясынын ТОКТОМУ:
- ПУУПЖ майда долбоорунун ишке ашырылышы үчүн үчүнчү гранттык каражаттан, Красный Восток айыл аймагынын “Мин Токум” Жайыт комитетинин жайыт пайдалануучуларынын банктагы гранттык эсебине 105000 (жүз беш миң) сом которулсун.
2.Токтом айыл аймактын электрондук сайтына жайгаштырылсын.(www.kr-ao.kg)
3.Токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысынын реестрине катталган убакыттан баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу, айылдык кеңештин депутаттык каржылоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.Закиров
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЧҮЙ ОБЛУСУ ЧУЙСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЖАЙЫЛ РАЙОНУ ЖАЙЫЛСКИЙ РАЙОН
КРАСНЫЙ ВОСТОК КРАСНОВОСТОЧНЫЙ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
________________________________________________________________________________________
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2018-жыл 22 июнь № 6/2 Кара-Балта ш.
Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги автоунаасын эсептен чыгаруу (сатуу) жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин жетинчи абзацынын 1-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы улуттар аралык мамилелер жана ГАМСУМОнун “Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун жолдору жана муниципалдык менчиктеги автотранспорт каражатын эсептен чыгаруу (сатуу) жөнүндө” Жобосуна ылайык №01-18/41 2018-жылдын 6-апрелиндеги буйругунун негизингде , ошондой эле Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысынын , айыл өкмөттүн менчигиндеги кызматтык ВАЗ 21213 “Нива” маркасындагы автоунаасын эсептен чыгаруу жөнүндө маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму Токтом кылат :
1.Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Нива автоунаасы төмөндөгү иш-кагаздарын негизинде эсептен чыгарылсын:
-айыл өкмөт башчысынын чечими,
-“Автоунааны эсептен чыгаруу (сатуу) жөнүндө” профсоюздук уюмдун жана айыл өкмөттүн чогулушунун протоколу.
-Автоунаанын техникалык абалы туралуу актысы
-Айыл өкмөт жана эсеп –кысап бөлүм башчылары менен тастыкталган автоунаанын (алгачкы балансттык) маалым каты.
2.Каржы боюнча депутаттык комиссиясына кызматтык автоунааны сатуудан түшкөн каражаттын багыттуу пайдаланышын, өзүңүздөрдүн укуктук мерчемиңер менен жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде көзөмөлгө алуу тапшырылат.
3.Ушул Токтом айыл аймактын электрондук сайтына жайгаштырылсын. (www.kr-ao.kg)
4.Токтом Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдүү актысынын тизмесине катталып, массалык маалымат каражатында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн юристи Т.Айткулуевге жүктөлсүн.
Төрага Б.Закиров
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЧҮЙ ОБЛУСУ ЧУЙСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЖАЙЫЛ РАЙОНУ ЖАЙЫЛСКИЙ РАЙОН
КРАСНЫЙ ВОСТОК КРАСНОВОСТОЧНЫЙ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
_________________________________________________________________________________________
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2018-жыл 22 июнь № 6/1 Кара-Балта ш.
Жер тилкесин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктунун негизинде , ошондой эле М.А. Ибраимовдун берген ишеним катынын негизинде иш алып барган Т.Н.Турдиевдин №2724 2018- жылы 19-июнунда берген арызына ылайык жана арызга тиркелген иш кагаздарында көрсөтүлгөн жер тилкесинин пайдалануу багытын мечет курууга өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн экенин далилдеген №246 2017-жылдын 10. Майындагы Жайыл районунун архитектура жана курулуш башкармалыгынын , № Э06/3 2017-жылдын 10-январындагы Чуй-Бишкек аралык айлана–чөйрөнү коргоо башкармалыгынын, Жайыл райондук ЦПЗ жана ГСН дин №269 2016-жылдын 28-декабрындагы , Жайыл райондук жана Кара-Балта шаарынын мамлекеттик өрткө каршы кызматынын №256 30-декабрындагы , Жайыл районунун жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо кадастр Департамент башкармалыгынын 2013-жылдын 15- апрелиндеги каттарын карап чыгып, , Красный Восток айылдык кеңешинин отуруму Токтом кылат:
1.Жайыл районунун Калинин айылынын Э.Алыбаев көчөсүнүн № 72 жалпы аянты 795,30 кв.м, түзгөн жер тилкесинин пайдалануу багытын мечет куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Т.Н.Турдиевке керектиүү иш кагаздарын Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо кадастр Департамент башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
3.Ушул Токтом айыл өкмөттүн өздүк сайтында жарыялансын. (www.kr-ao.kg)
4.Токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик –укуктар актыларынын какттоосунда катталгандан баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красный Восток айылдык Кеңешинин агрардык жана жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.Закиров.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЧҮЙ ОБЛУСУ ЧУЙСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЖАЙЫЛ РАЙОНУ ЖАЙЫЛСКИЙ РАЙОН
КРАСНЫЙ ВОСТОК КРАСНОВОСТОЧНЫЙ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
_________________________________________________________________________________________
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2018-жыл 5 июль № 7/1 Кара-Балта ш.
2019-2021-жылдарга Красный Восток айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн көрүнүшүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республиксасынын Салык Кодексинин 3-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин негизинде,ошондой эле Красный Восток айыл өкмөтүнүн эсеп кысап бөлүмүнүн башчысы Г.С.Тендин 2019-2021-жылдарга карата каражатын киреше бөлүгүнүн көрүнүшү туралуу маалыматын угуп,жана талкуулап,Красный Восток айылдык Кеңеш отуруму Токтом кабыл алат:
1.Красный Восток айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга карата каражатын киреше бөлүгүнүн көрүнүшү бекитилсин:
2019-ж. 2020-ж. 2021-ж
Каражаттык бөлүгү : 5832,2 6007,5 5655,6
Каражаттык бөлүгү 2295,0 2295,0 2295,0
Тегиздөөчү бөлүгү: 1507,9 1507,9 1507,9
Баардык киреше: 9635,1 9810,4 9458,5
2.Красный Восток айыл өкмөтүнүн каражатын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-2021-жылдарга карата көрүнүшүн аткарылышын көзөмөлдөө каражат боюнча,айылдык Кеңештин комиссиясына жүктөтүлсүн.
3.Ушул Токтом айыл аймактын (www.kr.ao.kg) электрондук сайтында жайгаштырылсын.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларын тизмесинде катталып,массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Красный Восток айыл өкмөтүнүн юристи Т.Айткулуевке жүктөлсүн.
Төрага Б.Закиров.